Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 2
Ошка компаниясына жер ажыратып берүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы, Курманбек ЖПБ нын башчысы К.Малашевдин жана Жоон-Күнгөй айылына ООО “Нур телеком” ишканасынын кайрылуусунун негизинде кайрылуусун карап талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоон-Күнгөй айылынын элин байланыш кызматы менен толук кандуу камсыз кылуу үчүн ООО “Нур телеком” ишканасынын Ошка компаниясы үчүн телевышка орнотууга 30 кв.м. жер аянты ажыратылып берилсин.
2. ООО “Нур телеком” ишканасынын Ошка компаниясы үчүн телевышка орнотууга жер аянты ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы Д.Бакировго милдеттендирилсин.
3. ООО “Нур телеком” ишканасына ижарага берилген жер аяты үчүн айына 8 мин сом ижара акысы алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |