Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 5
Курманбек айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө
Курманбек айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндөгү 2018-жылдын 11-майында Кара-Чолок айылында болуп өткөн коомдук угуунун протоколунун негизинде, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Эрматованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2019-жылга долбоору Республикадан берилүүчү теңдөө гранты менен кошулуп 11 804,5 миң сом, 2020-жылга божомолу 11 649,3 миң сом, 2021-жылга божомолу 11 696,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Республикадан берилүүчү теңдөө грантынын көлөмү 2019-жылга долбоору 4 580,0 миң сом, 2020-2021-жылдарга божомолу 4 215,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, коммуналдык чыгымдарды, тамак-аш) каржылоого жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын токтомдору менен бекитилген нормативдик актыларга жана айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн коомдук угууларда каралган маселелердин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2019-жылга долбоору 11 804,5 миң сом, 2020-жылга божомолу 11 649,3 миң сом, 2021-жылга божомолу 11 696,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген 2019-жылга долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы Министрилигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко милдеттендирилсин.
Төрага | Ч. Тайгараев |