Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 6
Курманбек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Эрматованын сунушун угуп талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айылдык кеңешинин 27.12.2017-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын I токтомунун 13-14-пункуттарынын негизинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ишин баалоону эске алуу менен сыйакы төлөөгө жана материалдык жактан колдоо максатында социалдык тиричилик маселелерин чечүү үчүн каралган 730,0 миң сом акча каражаты жокко чыгарылсын.
2. Аталган акча каражаты айыл өкмөтүнүн муктаждыктарына ылайык
-Кара-Чолок айылындагы спорт залдын курулушуна 117,8 миң сом, айыл өкмөтүнүн кире беришине стелла жасатуу үчүн 100,0 миң сом акча каражаты 70111-бөлүмдүн 3111-беренесине жылдырылсын.
-Жайыт комитетине алынган фронталдык погрузчике айыл өкмөтүнүн салымы үчүн 132,2 миң сом, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча башкы адиси М.Турушовага персоналдык компьютер жана принтер сатып берүү үчүн 50,0 мин сом акча каражаты 70111- бөлүмдүн 3112-беренесине жылдырылсын.
-Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилөөгө 50 миң сом, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө жана сортсмендердин чыгымдарына 100 миң сом акча каражаты 70823-бөлүмдүн 2215-беренесине жылдырылсын.
-Айыл өкмөтүнүн тургундарына материалдык жардам берүү үчүн 100,0 миң сом акча каражаты 71092-болумдун 2721-беренесине жылдырылсын.
-Жоон-Күнгөй айылындагы “Мээрим” балдар бакчасынын тамак-ашы үчүн 80,0 миң сом акча каражаты 70911-бөлүмдүн 2218-беренесине жылдырылсын.
3. Долбоорлорго айыл өкмөтүнүн салымы үчүн каралган 670,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй багытта жумшалсын:
-Жоон-Күнгөй айылындагы “Мээрим” балдар бакчасынын тамак-ашы үчүн 20,0 миң сом акча каражаты 70911-бөлүмдүн 2218-беренесине жылдырылсын.
-Таран-Базар айылындагы Мамат Камбаров атындагы орто мектебинин чатырын жабуу үчүн 60,0 миң сом, Саты айылындагы Саты орто мектебинин айланасын темир тосмо менен тосуу үчүн 200,0 миң сом акча каражаты 70921-бөлүмдүн 3111-беренсине жылдырылсын.
-Таран-Базар айылындагы Каныбек Осмоналиев атындагы башталгыч мектебинин имаратынын курулушу үчүн 35,0 мин сом ачка каражаты 70923-бөлүмдүн 3111-беренесине жылдырылсын.
-Резервдик ротанын атайын машыгуусуна катышуу үчүн кетүүчү чыгымарга 25,0 миң сом, Калмак-Кырчын айылындагы ФАПтын курулушу үчүн пректик-сметалык документтерин жана АПУ жасатуу үчүн 180,0 миң сом, Жоон-Күнгөй айылына ичүүчү суу түтүгүн тартуу үчүн АПУ жасатууга 100,0 миң сом, пректик-сметалык документтерди экспертизадан өткөрүүгө 50,0 миң сом акча каражаты жумшалсын.
4. Жоон-Күнгөй айылындагы Таштемир Кочкоров атындагы орто мектептин капиталдык оңдоосу үчүн бөлүнгөн 156,8 миң сом акча каражаты аталган мектептин капиталдык оңдоодон өтүп жаткандыгына байланыштуу АПУ жасатуу үчүн 45,0 миң сом, Жоон-Күнгөй айылына ичүүчү суу түтүгүн тартуу үчүн АПУ жасатууга 111,8 миң сом акча каражаты 70111-бөлүмдүн 2215-беренесине жылдырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Т.Биримкуловко жана айыл өкмөт башчысы Д.Бакировко жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |