Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы № 10
Айыл аймактагы жакынкы жайыттар жөнүндө
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы, айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировдун № 01-21/245 сандуу 14.05.2018-жылдагы айылдык кеңештин төрагасына жазган кайрылуусун айылдык кеңештин депутатары талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн аймагында жакынкы жайыттарды мыйзамсыз өз алдынча ээлеп алган жерлерди Жайыт мыйзамынын 515-токтомунун негизинде мыйзамдаштырылсын.
2. Мыйзамдан баш тарткан жарандарга юридикалык чара колдонулсун.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Курманбек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Малашовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |