Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-июль №1
Ак-Сайайыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүн ФЭБ башчысы А.Каттабековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Миң-Булак башталгыч мектебине кошумча 30 орундуу класс жана актовый залын курууну өз убагында жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сайайылөкмөтүнүн 2018-жылга карата бекитилген бюджетинин IV-кварталынын 3111-статьясындагы 467200 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинин III-кварталынын 3111-статьясына жылдырылып берилсин.
2. Киргизилген бюджеттик өзгөртүүлөрдү өз убагында аткаруугаалуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Каттабековго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |