Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры №3
Үч-Дөбө айылынын Алма-Бак участкасынын башкы планына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана Үч-Дөбө айылынын тургундарынын арызын талкуулап, Үч-Дөбө айылынын Алма-Бак участкасына курулуучу мектебине бөлүнгөн жер тилкесине типтүү мектеп салууга жер аянты аз болгондуктан Алма-Бак участкасынын башкы планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө айылынын Алма-Бак участкасындагы 3,5га жер аянтына түзүлгөн башкы (генландын) планы Баткен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын макулдугу менен өзгөртүлсүн.
2. Башкы планга киргизилген өзөртүүлөрдү аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия жер маселеси боюнча комиссия курамына жүктөлүн.
Төрага | С. Анаров |