Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры №4
Ак-Сай айылынын түндүк батыш жагынан өзөштүрүү үчүн 1га жер тилкесин аукцион аркылуу ижарарга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн социадык экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн Ак-Сай айылынын түштүк батыш жагындагы 1га жер тилкесин өзөштүрүүгө аукцион аркылуу ижарага берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айылынын түштүк батыш жагындагы 1га жайыт жер тилкесин баштапкы баасы 1000 сомдон аукцион аркылу өздөштүрүү үчүнижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин аукцион аркылуу ижарага берүү жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия жер маселеси боюнча комиссия курамына жүктөлүн.
Төрага | С. Анаров |