Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры №5
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу төмөн жерди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-матындагы №21, 2017-жылдын 01-июлундагы №95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Кара участкасында жайгашкан 0,50га жер тилкесине АЗС куруу үчүн трансформациялоо максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын Кара участкасында жайгашкан 0,50га жайыт жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия жер маселеси боюнча комиссия курамына жүктөлүн.
Төрага | С. Анаров |