Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры №8
Керме-Төө участкасында жайгашкан таза суу линиясын Андиген таза суу ПКБне өткөрүп берүү жөнүндө
Үч-Дөбө айылын Керме-Тоо учаскасынын таза суу маселесин өз убагында чечүү үчүн Андиген таза суу ПКБне өторүп берүү максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектегиХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Дөбө айылын Керме-Тоо учаскасынын таза сууну камсыз кылуу жана оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн Андиген таза суу ПКБне өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушултоктомдун негизинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия жер маселеси боюнча комиссия курамына жүктөлүн.
Төрага | С. Анаров |