Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры №11
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүн ФЭБ башчысы А.Каттабековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетинин 2215-статьясынын аппарат бөлүгүнөн 200 000 сом акча каражаты 2111 статьясына жылдырылып берилсин.
2. Киргизилген бюджеттик өзгөртүүлөрдү өз убагында аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Каттабековго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |