Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры №13
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн резервдик фондун түзүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүн башчысы Э.Ниязкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сайайылөкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетинин 2215-статьясынан 140 000 сом акча каражаты 2824 статьясына жылдырылып берилсин.
2. Киргизилген бюджеттик өзгөртүүлөрдү өз убагында аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Каттабековго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешининфинансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |