Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-сентябры №14
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган Улуу Ата Мекендик согушунун ардагери Үсөнов Ысакка авто унаа сатып алууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүн аймагында жашаган Улуу Ата Мекендик согушунун ардагери Үсөнов Ысакка карыялар күнүнүн урматына карата авто унаа сатып алууга акча каражат бөлүпберүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сайайылөкмөтүнүн аймагында жашаган Улуу Ата Мекендик согушунун ардагери Үсөнов Ысакка карыялар күнүнүн урматына карата авто унаа сатып алууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүп берүү жана тийиштүү иш-чараларды өткөрүү жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |