Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну №2
Алга айылдык аймагынын бюджетинин 2019-2020-2021-жылдар үчүн түзүлгөн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолун бекитүү жөнүндө
Алга айылдык округунун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Хамралиевдин Алга айылдык округунун бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2019-2020-2021-жылдар үчүн болжолу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана ьалкуулап Алга айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айылдык аймагынын 2019-жыл үчүн бюджетинин киреше жана чыгашалар бөлүгүнүн болжолу атайын каражаттар менен биргеликте 9109,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Алга айыл аймагынын 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгащалар бөлүнүнун болжолу атайын каражаттар менен биргеликте 9054,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Алга айыл аймагынын 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгащалар бөлүнүнун болжолу атайын каражаттар менен биргеликте 9069,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2019-2020-2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолун аткарылышын мыйзам чегинде аткаруу жана көзөмөлдөө Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Акбаров |