Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну №5
Алга айыл өкмөтүнүн автоунаа каражаты жөнүндө
Алга айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Хамралиевдин Алга айыл өкмөтүнүн эсебиндеги автоунаа каражатынын абалы жөнүндөгу билдирүүсун угуп жана талкуулап, Алга айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алга айыл өкмөтүнүн эсебиндеги эски кызматтык автоунааны эсептен чыгарууга жана сатууга, ошондой эле жаны автоунаа сатып алууга уруксат берилсин.
2. Алга айыл окмотунүн эсебиндеги кызматтык автоунааны эсептен чыгаруу жана сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиги тарабынан чыгарылган 06.04.2018-жылдагы № 01-18/41 буйругуна негиз бекитилген. “Муниципалдык менчикте турган автоунаа каражаттарын сатуу жөнүндөгу” Типтүү нускамага негиз жүргүзүлсүн.
3. Алга айыл өкмөтүнүн эсебиндеги эски автоунааны эсептен чыгарууга жана сатууга, жаны сатып алынуучу автоунаага керектелүүчу иш кагаздарын даярдоо , керектүү жумуштарды аткаруу Алга айыл өкмотунүн башчысы Ж.Дыкановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Акбаров |