Загрузка документа…
АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №32
Өзбекистандын жараны Турдалиев Вахиддин атына берилген жер участогу жөнүндө
2004-жылдын 9-июлундагы Алга айыл өкмөтүнүн № 44 токтому менен Өзбекистандын жараны Турдалиев Вахиджанга берилген 0,30 га жер участогун Алга айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндөгу маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кенешинин VI- чакырылышынын кезектеги XIII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2004-жылдын 9-июлундагы Алга айыл өкмөтүнүн № 44 токтому менен берилген Өзбекистандын жараны Турдалиев Вахиджанга мыйзамсыз берилген 0,30 га жер участогу айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып алынсын.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдап, райондук аралык сотуна өткөрүлсүн
3. Иш кагаздарын даярдоо Алга айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шадиевге милдеттендирилсин.
4. Керектүү чыгымдар менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүно тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Акбаров |