Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 27
Жаңы-Жер айылөкмөтүнүн 2016-жылдын 01-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейнки мезгилде айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Сессия жүрушундө төмөндөгү маселелер каралды:
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмунүн жетекчисинин 2017-жылдын 15-августундагы №01-16/237 буйругунун негизинде Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттик түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудиттик жүргүзүү мезгилинде Жаңы-Жер айыл аймагынын бюджеттик аткарылышында финансалык катачылыктар келип чыккандыгы белгилеп, жогорулардын негизинде Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Максатсыз чыгымдалган 106500,0 (бир жүз алты мин беш жүз) сом Жаңы-Жер айыл өкмөтүнун 2017-жылга бекитилген бюджетинин эсебинен айыл өкмотүнүн 20-сентябрь 2017-жылдагы №3 аныктама кабарлоонун негизинде беренелер боюнча такталып өз ордуна коюлсун.
2. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттырдын Жаңы-Жер айылдык Кеңешинин Бюджет-Экономика финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Баянов |
Кабарлоо №3 от 20.09.2017-жыл
Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн Актысына ылайык Жаңы- Жер айыл Өкмөтүнүн бюджеттик бөүнгөн каражаттар өлчөмүн өзгөртүү тууралуу төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилди.
№
| Аталышы | Бөлүм | Берене | Өзгөрүлгөн сумма | Анын ичинен кварталдар боюнча | ||
Көбөйдү | Азайды | III кв | IV кв | ||||
1 | Эмгек акы | I Аппарат | 2111 | 0 | 13430 | 0 | -13430 |
2 | Сапар чыгымдары | I Аппарат | 2211 | 106500 | 0 | 0 | +106500 |
3 | Транспорттук чыгымдар | I Аппарат | 2214 | 0 | 51635 | 0 | -51635 |
4 | Ар түрдүү чыгымдар | I Аппарат | 2215 | 0 | 41435 | 0 | -41435 |
| Бардыгы: |
|
| 106500 | 106500 | 0 | 106500 |
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы: С.Эгембердиев.
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн жетекчиси: Б.Жалилов.