Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-октябры № 31
Жаны-Жер айыл окмотунун аймагындагы конфискацияланган жер участокторун айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
Лейлек райондук соту тарабынан Жаны-Жер айыл аймагына караштуу Жаштык айылынын тургуну А.Маматаминовдун 2000 кв.м, жер участогу, Арка айылынын тургуну Ш.Баратовдун 1500 кв.м., жер участогу конфискацияланган. Азыркы учурда конфискацияланган жерлерди натыйжалуу пайдалануу максатында тиешелуу айыл өкмөттөрдүн муниципалдык менчигине өткөрүп беруу боюнча КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мулкту башкаруу боюнча фонду тарабынан чечимдин долбоору демилгеленип сунушталууда. КРнын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык, «Муниципалдык менчикке өткөрүлуп берилүүчу мамлекеттик менчик обьектилерин кабыл алуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт» деп көрсөтүлгөн. Жогорудагылардын негизинде Жаны-Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек райондук соту тарабынан Жаны-Жер айыл аймагына караштуу Жаштык айылынын тургуну А.Маматаминовдун 2000 кв.м, жер участогу, Арка айылынын тургуну Ш.Баратовдун 1500 кв.м., конфискацияланган жер участоктору айыл өкмөтунүн муниципалдык менчигине катталсын.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | К. Баянов |