Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну № 20
Достук орто мектебине Абдулакимов Жамааттын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу “Достук” орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмдун жалпы чогулушунун негизинде (№8 протокол 29.05.2018-ж) Достук орто мектебиндеги көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана балдарга тарбия, билим берүүдөгү зор салымы үчүн “Достук” орто мектебине Абдулакимов Жамааттын ысмын ыйгаруу максатында Жаны-Жер айыл Кеңешинин VI чакырылышынын II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы “Достук” орто мектебин Абдулакимов Жамаатын ысмына ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Аталган мектепке демөөрчүлүк жургузуп туруу Ж.Абдулакимовдун үй-бүлөсүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | К. Баянов |