Редакцияот 02.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Халмион айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезектеги төртүнчү сессиясы

 

2017-жылдын 02-марты № 4/13

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жонундо» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылдык Кенешинин сессиясынын отуруму жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында маселени талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Халмион айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтуу оз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөүлүп берилсин .

Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтуу кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдаланууу боюнча жамаатын коп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жургузулуусу милдеттендирилсин .

 Ушул токтомдун экинчи бөлүгңдөгү көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе , анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса откорулуп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтуу оз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – Жайыт комитетине эскертилсин .

 Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мучолоруно , жайыт пайдалануучуларга ,жергиликтуу өз алдынча башкаруу органына , жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий окулчулукторуно Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык оз убагында толугу менен тийиштуу отчетторду , маалыматтарды берип туруусуна милдеттуу .

 Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды оз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо , макулдашууда , бекитүүдө жана аткаруу ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин .

Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кырыгыз Республикасынын «Жайыттар жонундо » Мыйзамынын негизинде жургузулуусу каралсын .

 Бул токтомдун аткарылышын козомолдооо Халмион айыл аймагынын башчысы К. Бегматовго жүктөлөт.

 

Төрага

Г. Матажиев