Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 01-ноябры №9/23
“Жылдызча-Халмион” балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Халмион айылынындагы Д Бабаназараов көчөсүндө жергиликтүү башкаруунун бюджетинен жана жалпы коомчулуктун салымы менен жаңы курулуп бүткөрүлгөн балдар бакчасын пайдаланууга уруксат берүү максатында Халмион айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Халмион айылынын Д Бабаназаров көчөсүндөгү “Жылдызча-Халмион” балдар бакчасын имаратын курулуп бүткөрүлгөндүгүнө байланыштуу балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. “Жылдызча-Халмион” балдар бакчасын уставы бекитилсин.
3. “Жылдызча-Халмион” балдар бакчасын керектүү иш кагаздарын даярдоо жана штат бириктерин түзүү учун тийиштүү жетекчиликтерге кайрылуу айыл өкмөтү жетекчилигине жүктөлсүн.
4. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөо жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
Төрага | Г. Матажиев |