Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №1
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн астында «Жерге-Тал айыл аймагынын өнүктүрүү фонду» мекемесин уюштуруу жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн астында «Жерге-Тал айыл аймагынын өнүктүрүү фонду» мекемесин уюштуруу боюнча маселени угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн астында «Жерге-Тал айыл аймагынын өнүктүрүү фонду» мекемесин уюштурууга макулдук берилсин.
2. «Жерге-Тал айыл аймагынын өнүктүрүү фонду» мекемесинин директорлугуна Алымбаев Тойчубек Орунаалиевичти дайындоого макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага жүктөлсүн.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүп jerge-tal naryn region kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Өмүров |