Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-майы №01-3/2
Малга жайыт үчүн төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө
2018-жылга жайыт комитетине төлөнүүчү жайыт акысы кой, эчкиге бир башына 12 сом, ири мүйүздүү мал жана жылкыга бир башына 70 сом болуп бекитилсин.
Көк-Сай айылдык аймагынын жайыттарына сырттан келген малдардын жайыт акысы кой, эчкиге бир башына 17сом, ири мүйүздүү мал жана жылкыга бир башына 150 сом болуп бекитилсин.
Жайыт комитетине төлөнүүчү жайыт акысын жайытка мал алып чыккан малчы фермерлер төлөөгө милдеттендирилсин.
Малчы-фермерлердин жайытка болгон мурунку жылдары үчүн эски карыздары болсо жана жайыт мыйзамдарына ылайык келишим түзүшпөсө, 2018-жылга болгон жайыт акысын алдын ала төлөшпөсө, бара турган жайытына жайыт билет берилбейт, жана тоого көчүрүлбөсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Салыбеков |