Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №144/24-7
Талас шаарынын 2018- жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айынын аткарылышы боюнча отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Талас шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айынын аткарылышы жөнүндө отчетун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планынын 9 айынын аткарылышы жөнүндө отчету “канааттандырарлык эмес” деп табылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |