Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-марты №10/1
Бел айыл аймагынын социалдык –экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында Бел айыл өкмөтунун 2017-жылы аткарган иштери жана 2018-жылга милдеттери жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Казначиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнуктүрүү багытында Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылда аткарган иштери 2018-жылга милдеттери жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Казначиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетин аткаруу боюнча ай сайын жеткирилген план-тапшырмаларды өз убагында аткарууну ,ижара акылардын өз убагында төлөнүүсүн камсыз кылуу ФЭБүнүн башчысы Шамши уулу Мелисбекке милдеттендирилсин.
3. 2018- “Региондорду өнүктүрүү”жылын өткөрүү боюнча түзүлгөн иш-чаралардын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн аппаратана жуктөлсүн.
4. Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Дыйкандардын улүштук жерлеринен,жарандардын огород участкаларынан чыккан сууларды качыруу,дренаждарды казып тазалоо,адамдарга коркунуч туудурган селканалдар боюнча тиешелүү мекеме-ишканаларга маалыматтарды берип,2018-жылдын бюджетине киргизилген иштердин аткарылышын камсыз кылуу өзгөчө кырдаалдар боюнча адис М.Эргешовага милдеттендирилсин.
6. Аткарылбай келе жаткан тамчылытып сугаруу,күнөөсканаларды куруу боюнча берилген тапшырмаларды аткаруу менен которуштуруп айдоого м аани берип,эгилген эгиндердин түшүмдүулүгун жогорулатуу боюнча тынымсыз аракеттерди көрүү жер адистин милдетин аткаруучу Абабакировго милдеттендирилсин.
7. Социалдык коргоого муктаж болгогн жарандарга бөлүнгөн акча каражатын өз убагында даректуу адреске жеткирүу ,социалдык маселелер боюнча түзүлгөн комиссиялардын иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү соц.адис Эркебаевага милдеттендирилсин.
8. Окуучуларга татыктуу тарбия ,сапаттуу билим берүү,окуучулардын олимпиадалык көрсөткүчтөрүн көтөрүү менен жаштарды патриоттулукка үндөө интернет булактары аркылуу ойнотулуп жаткан терс маанидеги оюндардан алыстатуу,болтурбоо боюнча ата-энелер менен биргеликте иш жургузүү жагы мектеп директорлоруна жуктөлсүн.
9. Калкты медициналык жактан тейлөөнун сапатын жогорулатуу,оорулардын алдын –алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун башчыларына тапшырылсын.
10. Жайыт пайдалангандыгы,сугат суудан пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү төлөм каражаттарын жыйноону жакшыртуу,берилген план-тапшырмалардын так аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин башчысы Абабакировго,СПАнын башчысы Кыргызаливге жүктөлсүн.
11. Пайдаланган электр энергиясынын карыздарын кыскартуу,бөлүнгөн лимиттерден ашыкча иштетпөөнү колго алуу,мектептерге тех условияларды алып берүү,бардык социалдык обьектилерге мамлекеттик акт алып берүү айыл өкмөтунүн башчысы Казначиевге жуктөлсүн.
12. Айыл аймагындагы өнөр-жай ишканаларынын санын көбөйтүү менен жумуш орундарын түзүү,алардын жүргүзүп жаткан иштерине так анализ жүргүзүү айыл өкмөтүнүн экономист-статистине,айыл башчыларга жүктөлсүн.
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин айыл-чарбасы,экономика ,бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Ж. Сулайманов |