Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-апрели №11-1
Бел айылдык кенешинин депутаты Раимбеков Асанбай Арыновичтин депутаттык полномочиесин токтотуу жөнүндө
Бел айылдык Кенешинин депутаты Раимбеков Асанбай Арынович айыл аймаггындагы “Ой-Талаа” орто мектебине директор болуп дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык полномочиесин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнундөгү арызын канаттандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 22-беренесин жетекчиликке алып Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылдык Кенешинин депутаты Раимбеков Асан Арыновичтин депутаттык полномочиеси өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кийинки депутаттык мандатты аныктап берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Ш. Ж. Сулайманов |