Редакцияот 12.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 11-сессиясынын

 

2018-жылдын 12-апрели №11-2

Борбаш айылындагы “Күн-Балдары” балдар бакчасынын имаратына жайгашкан Кыргыз телекомунун Ноокат райондук бөлүмүнө тиешелүү болгон жабдыктарды жылдыруу жөнүндө

Бел айыл аймагынын Борбаш айылында жайгашкан “Күн-Балдары” балдар бакчасынын эки бөлмөсүндө Кыргыз телекомунун Ноокат райондук бөлүмүнө тишелүү жабдыктар орнотулуп,иштетилип келинген. Азыркы учурда балдар бакчасына суроо-талаптардын көптүгүн эске алып, жабдыктар жайгашкан бөлмөнү бошотуп, балдар бакчасына берүү жөнүндөгү жарандардын сунуштарын аткарууга алуу максатында” Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 4-7-бөлумчөлөрүн жетекчиликке алып Бел айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борбаш айылындагы “Күн-Балдары” балдар бакчасынын эки бөлмөсүнө жайгашкан Кыргызтелекомунун Ноокат райондук бөлүмүнө тиешелүү болгон жабдыктарды жылдыруу үчүн Борбаш айылындагы маданият үйүнөн эки бөлмө ажыратылып берилсин.

2. Кыргызтелекомунун Ноокат райондук бөлүмүнө бөлүнүп берилген кабинеттерге тиешелүү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулуш жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш. Ж. Сулайманов