Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июлу №12/1
Г.Эргешов атындагы” Бел-Өрүк” жана” Кенеш” орто мектептеринде жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбиялык иштеринин абалы жөнүндө
Бел айыл аймагында жайгашкан Г.Эргешов атындагы” Бел-Өрүк” орто жана “Кенеш “ орто мектептеринде жүргузүлүп жаткан окуу тарбиялык иштердин абалы жөнүндөгү айылдык Кенештин билим берүү,саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Абдивалиева Патийма Сайдаматовнанын баяндамасын угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын ) он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” жана “Кенеш” орто мектептеринде жүргузүлуп жаткан окуу-тарбиялык иштердин абалы жөнүндөгү туруктуу комиссиянын төрайымы Абдивалиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Аталган мектептерде окуучуларга терен билим,татыктуу тарбия берүү жаатында бир катар иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Мектептерде окуучуларга билим берүүнүн сапатына көнүлдүн борбору бурулгандыгына карабастан тарбиялык иштерде кемчилдиктердин орун алып жаткандыгын эске алып, мектеп менен ата-энелердин байланышын күчөтүп мектеп окуучулары тарабынан жасалып жаткан кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жагы мектеп жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнундөгү” мыйзамынын жана “Мугалимдер статусунда” белгиленген талаптардын так мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу мектеп жетекчилеринин негизги милдети болуп саналсын.
5. Мектептердин материалдык-техникалык базаларын чындоо боюнча коомдук эмес уюмдар менен биргеликте долбоорлор менен иш жүргузүүнү уюштуруу,турмушка ашыруу жагы мектеп жетекчилерине жана мектептин эмгек жамааттарына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенгештин билим берүү боюнча туруктуу комиссиясыа жүктөлсүн.
7. Айтылган кемчилдиктерди жоюу боюнча аткарган иштеринин жыйынтыгын 2018=-жылдын 10-октябрына жазуу жүзүндө маалымат берүү жагы мектеп директорлору Аширбаевага жана Арзыкуловага тапшырылсын.
Төрага | Ш. Ж. Сулайманов |