Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июлу №12/2
Айылдык кенештин 2018-жылдын 3-мартында өткөрүлгөн 10-сессиясында кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана кошуна айыл өкмөттөрү менен талашты жараткан жерлерди тактоо боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнун жер адисинин милдетин аткаруучу Абабакировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун иштетилиш абалын анализдеп.пайдалануу мөөнөтү бүткөн жер аянттарын тактап,жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акылардын төлөнүшүн жакшыртуу боюнча бир топ иш аракеттердин жүргүзүлгөндүгү эске алынсын.
2. Бел айыл өкмөтү менен талашты пайда кылып келе жаткан кошуна айыл өкмөттөрүндөгү : Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү 12,7 га,Жийде айылындагы 9,12 га жер аянты,Жаны-Ноокат айыл өкмөтүндөгү 25 га жер аянттарын айыл өкмөтүнө өткөрүп алуу боюнча жетишсиз иш жүргузүлүп жаткандыгы белгиленсин.
3. Тийиштүү мекеме ишканалардан керектүү документтерди тактап, соттук териштирүүгө далил болуучу тийиштүү иш кагавздарды топтоп,аткарылган иштер боюнча 2018-жылдын 1-октябрына маалымат берүү жагы жер адистин милдетин аткаруучу Абабакировго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо айыл чарбасы жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Ж. Сулайманов |