Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июлу №12/5
Борбаш айылындагы “Күн-Балдары” балдар бакчасынын 2 тайпасын жана Жаш бөлүмүндөгү “Карлыгач-Канды” балдар бакчасынын 2-тайпасын бюджетке өткөрүү жөнундө
Айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү бөлүмдөрүндө кезекке тургандардын саны арбын. Ошондуктан Борбаш айылындагы “Күн-Балдары “ балдар бакчасына 2 тайпа,Жаш бөлүмүндөгү “Карлыгач-Канды” балдар бакчасына кошумча бир группа ачылып иштеп жатат.Ачылган тайпаларды бюджетке өткөрүү боюнча топтолгон материалдар менен таанышып чыгып жана талкуулап ,Бел айылдык кенешинин (алтынчы чакырылышынын) 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбаш айылындагы “Күн-Балдары” балдар бакчасындагы 2 тайпа жана Жаш бөлүмүндөгү “Карлыгач-Канды” балдар бакчасындагы 1 тайпа бюджетке өткөрүлсүн.
2. Балдар бакчаларындагы 3 тайпада тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ар бир балага 9 сомдон акча каражатын бөлүп берүү жагы Бел айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо билим бюерүү жана бюджет боюнча ттуруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Ж. Сулайманов |