Редакцияот 28.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Шекер айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы

 

2017-жылдын 28-марты № 6

Шекер айыл ѳкмѳтүнүн Уставын жаңы редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон ѳткѳрүү жѳнүндѳ

Шекер айыл ѳкмѳтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Шекер айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык аймагынын “Шекер айыл ѳкмѳтүнүн”Уставы кыргыз тилинде жаңы редакцияда бекитилсин.

2. Шекер айыл ѳкмѳтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон ѳткѳрүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Калыбековго жүктѳлсүн.

Ушул чечимде кѳрсѳтүлгѳн маалыматтардын аныктыгы,мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда,юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) ѳз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

Төрага

С. Жунусов