Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 9
Ичүүчү суунун тарифтери жөнүндө
Ичүүчү сууну колдонуучулардын төлөм акысын талкууга алып,Арчагул жана Шекер айылдарында төлөм акысын бекитүү боюнча Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылындагы ичүүчү сууга болгон төлөм акысы көчөдөгү суу түтүкчөсүнөн алган ар бир жарандарга 15сом,короосунун ичине ктргизилген суу түтүкчөсүнөн алган ар бир жарандарга 20сом,ал эми короосуна киргизип счетчик койгузган жарандар 1тонна сууга 30сом деп төлөм акысы белгиленсин.
2. Арчагул айылындагы ичүүчү сууга болгон төлөм акысы көчөдөгү суу түтүкчөсүнөн алган ар бир жарандарга 13сом,короосунун ичине киргизилген суу түтүкчөсүнөн алган ар бир жарандарга 15сом деп төлөм акысы белгиленсин.
3. Токтомду аткаруу жагы “Шекер Күркүрөө таза суу” бирикмесинин жетекчиси З.Турусбековго жана “Арчагул” таза суу бирикмесинин жетекчиси С.Осмоналиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | С. Жунусов |