Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 10
Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасына жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер министринин №18-145 19-декабрь 2016-жылдагы протоколдук тапшырмасын аткаруу жонүндө жана “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Кара-Буура райондук филиалынын 2017-жылдын 9-мартындагы №01-17/01 чыгыш сандуу кайрылуусун канаттандыруу максатында Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылында жайгашкан “Эшенкул балбан” атындагы күрөш залынын чыгыш тарабынан №723 контурдан 150м2 жер аянты “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Кара-Буура райондук филиалынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Калыбековго жүктөлсүн.
Төрага | С. Жунусов |