Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 3
ОсОО “НУР” телекомдун жардамы жөнүндө
Шекер айылынын Ч.Култаев көчөсүндөгү Жетимиш уулу Бекзаттын кожолук огородуна орнотулуп жаткан ОсОО “НУР” телеком ишканасынын байланыш түйүнүн орнотуу учурунда Ч.Култаев көчөсүнө демөөрчүлүк иретинде 70000 (жетимиш миң) сом акча каражатын пайдалануу жана тургундардын талабын аткаруу үчүн Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО “НУР” телеком ишканасынын демөөрчү катары берген 70000(жетимиш миң)сом акча каражаты Ч.Култаев көчөсүн оңдоо түзөө,трубаларын алмаштыруу жана кум-шагал төшөө жумуштарына бөлүнсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Калыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Жунусов |