Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 4
Чынгыз Айтматовдун чыгармасындагы Танабай менен Гүлсары аттын эстелиги жөнүндө
Шекер айылында демөөрчүлүк жолу менен Ч.Айтматовдун чыгармасындагы “Танабай менен Гүлсары” аттын эстелиги курулуп жаткандыгына байланыштуу Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эстеликтин ачылыш аземи 6-октябрга белгиленсин.
2. Эстеликти курган Тогонбаев Миржанга Шекер айылдык Кеңешинин атынан грамота жана Шекер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ыраазычылык катары 20000 (жыйырма миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Калыбековго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Жунусов |