Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 2
Борбордук парк жөнүндө
Шекер айылындагы А.Жакыпбеков көчөсүндө жайгашкан борбордук паркты, Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата кайрадан оңдоо жана жаңыртуу максатында карап чыгып,Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №746-контурда жайгашкан паркты азыркы күндүн талабына жооп берген заманбап жашылдандырылган балдар ойноочу аянттары менен эс алуучу жайга айландырылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С. Жунусов |