Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 3
Аткарылбаган статьялардын пландарын керектүү статьяларга которуу жөнүндө
Жыл аяктап бараткандыгына байланыштуу аткарылбаган статьялардын пландарын айыл өкмөтүнүн керектүү статьяларына которуп берүү үчүн Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аткарылбаган статьялардын пландары айыл өкмөтүнүн керектүү статьяларына которуп берилсин жана которулгандан кийин жумуш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | С. Жунусов |