Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 4
Жер үлүшүн албай калган атуулдардын арыздары жөнүндө
Шекер айыл аймагынын жашоочулары убагында кандайдыр себептер менен жер үлүшүн албай калган жарандарыбыздын кайрылуусун канаттандыруу максатында, Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер үлүшүн убагында албай калган айыл тургундары Жанузаков Каныбек,Жээнбеков Алтынбек,Доолбеков Жаныбек,Өскөнбаев Медербек,Доолбеков Мерлис,Айдаралиев Жаныштарга айыл өкмөтүнүн карамагында турган жерлерден үлүш катары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | С. Жунусов |