Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 5
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 600,0(алты жүз миң) сом жөнүндө
Республикалык бюджеттен максаттуу бөлүнгөн акча каражаты 600,0(алты жүз миң) сомду чарбалык максатта пайдалануу үчүн, Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынан 600,0(алты жүз миң) сом айыл өкмөтүнүн чарбалык максаттар үчүн материалдарды жана буюмдарды сатып алуу 2222ст.которулсун.
2. Бөлүнгөн 600,0 (алты жүз миң) сом акча каражаты, Арчагул айылына кичи футбол аянтчасын курууга жумшалсын.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Шапаковага милдеттендирилсин.
Төрага | С. Жунусов |