Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 6
Шекер айыл аймагындагы сугат жер жана арыздар жөнүндө
Киреше боюнча башкы адис С.Сарпекованын берген маалыматы боюнча сугат жер планда 2004 (эки миң төрт) га жер болсо,азыркы учурда 1858(бир миң сегиз жүз элүү сегиз) га болууда.Калган 146 (жүз кырк алты) га жер жетпегендиги жана жер боюнча атуулдардын арыздарын канаттандыруу максатында Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагындагы 146га сугат жерди тактоо боюнча атуулдардын арыздарын аткаруу жана КБЭтин келишимдерин тактоо боюнча райондук тийиштүү мекемелер менен бирдикте комиссия түзүлсүн.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Шапаковага милдеттендирилсин.
Төрага | С. Жунусов |