Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин актысын жетекчиликке алып,Шекер айыл аймагындагы жана Арчагул айылындагы Дүйшөн атындагы эски мектептин,күн батыш тарабындагы,тал-теректерди кесүү үчүн Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арчагул айылындагы Дүйшөн атындагы эски мектептин,күн батыш тарабындагы 35 (отуз беш) даана кара жыгач жана Шекер айылынын кире беришиндеги афто жолдун күн батыш тарабынан 7 (жети) даана куураган кызыл карагай кесилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Шапаковага милдеттендирилсин.
Төрага | С. Жунусов |