Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 10
Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркына контейнер коюу үчүн жер берүү жөнүндө
Шекер айылдык аймагында аңчылык кылбоо жана карап отурууга “Котур-Төө” кыштоосунан мамлекеттик жаратылыш паркына контейнер коюуга 5(беш) сотых жер ижарага берүү маселесин карап чыгып,Шекер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айылдык аймагынын “Котур-Төө” кыштоосунун кире беришинен №364-контурдан 5(беш) сотых жер бөлүнүп берилсин.
2. Шекер айыл өкмөтүнөн келишим түзулүп,мыйзам чегинде 1жылга ижарага берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Чомотоевге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Жунусов |