Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Кара-Бак айылдык кеңешинин VIчакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2018-жылдын 01-октябры № 59

Социалдык объектилерди курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

(Кара-Бак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-январындагы №15 токтомунун редакциясына ылайык)

(Кара-Бак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-мартындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Курук-Сай участкасындагы 7,0 га сугат айдоо жерине социалдык объектилерди куруу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Курук-Сай участкасындагы калктуу конуштун ортосунда калып кеткен 7,0 га сугат айдоо жерине социалдык объектилерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу пунктардын жерлери ” категориясына которууга макулдук берилсин.

(Кара-Бак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-январындагы №15 токтомунун редакциясына ылайык)

(Кара-Бак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-мартындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.  Аталган жерди  белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Закиров