Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-октябры № 60
Социалдык объектилерди курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
(Кара-Бак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-январындагы №15 токтомунун редакциясына ылайык)
(Кара-Бак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-мартындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Бай-Кара-Бак айылындагы 4,0 га сугат айдоо жерине социалдык объектилерди куруу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Бай-Кара-Бак айылындагы 4,0 га сугат айдоо жерине социалдык объектилерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу пунктардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
(Кара-Бак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-январындагы №15 токтомунун редакциясына ылайык)
(Кара-Бак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-мартындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Аталган жерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго тапшырылсын.
Төрага | А.Закиров |
|