Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну № 14-41
Маңгыт айыл өкмөтүнүн айылдарынын артыкчылыктуу долбоор деп аталган «Дени сак айыл – дени сак мамлекет» жана «Балдардын келечеги биздин колубузда» долбооруна кошумча лимит алуу жөнүндө
Депутаттардын Маңгыт айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маңгыт айыл өкмөтүнүн айылдарынын артыкчылыктуу долбоор деп аталган «Дени сак айыл – дени сак мамлекет» долбооруна 1 млн. сом жана «Балдардын келечеги биздин колубузда» долбооруна 1 млн. сом , жалпы сумма 2 млн сом кошумча лимит берүү жагы КР Каржы Министрлигинен суралсын.
2. Каралган акча каражатына смета түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Малаев |