Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-октябры № 40
2017-жылга Кыргыз Республикасынын КаржыМинистрлигинен келген кошумча акча каражатынын эсебинен Саргата айылындагы Ө.Кодиков атындагы көчөсүнүн1900 метрин түнкү шам чырак менен жарыктандыруусу боюнча акча каражаттын бекитүү жөнүндө
Саргата айылындагы Ө.Кодиков атындагы көчөсүнүн 1900 метринтүнкү шам чырак менен жарыктандыруусу үчүн 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен келген кошумча каражаттын эсебинен акча каражытын карап берүү жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Абазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин кезексиз ХI-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саргата айылындагы Ө.Кодиков атындагы көчөсүнүн 1900 метрин түнкү шам чырак менен жарыктандыруу үчүн 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен келген кошумча каражаттын эсебинен 1млн. (бир млн.) сом акча каражаты бекитилсин.
2. Каралган акча камсыз жагы башкы бухгалтер К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |