Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-октябры № 41
2017-жылга Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен келген кошумча акча каражатынын эсебинен Үч-Терек айылындагы З. Акаев атындагыкөчөсүн түнкү шам чырак менен жарыктандыруу боюнча акча каражатын бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айылындагы З.Акаев атындагы көчөсүнө түнкү шам чырак менен жарыктандыруу үчүн 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен келген кошумча каражаттын эсебинен акча каражатын кароо жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөтүнүн орун басарынын убактылуу милдеттин аткаруучу К.Абазовдун билддирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз ХI-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылындагы З.Акаев атындагы көчөсүнө түнкү шам чырак менен жарыктандыруусун жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен келген кошумча каражаттын эсебинен400,000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бекитилсин.
2. Каралган акча каражатын камсыз кылып берүү жагы башкы бухгалтер К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |