Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-декабры № 45
Токтогул району менен Кара-Көл шаарынын аймактык башкармалыгынын ортосундагы талаш жайыттарды балансташтыруу маселеси боюнча өткөрүлгөн кошмо жыйындын чечимин кароо жөнүндө
2017-жылдын 03-ноябрындагы Үч-Терек айылдык кеңеши менен Кара-Көл шаардык кеңешинин ортосунда өткөрүлгөн кошмо жыйынындагы маселелерди агрардык комиссиянын отурумунда карап жана талкуулап (протокол тиркелет) колдоого алып, айылдык кеңештин кезексиз ХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 04-июнундагы № 360 токтомунун негизинде Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Көл, Кормал, Ыспы, Кайыңды, Бекечал жайыттарын Жазы-Кечүү айыл өкмөтүнө 2008-жылдан 2025-жылга чейин узак мөөнөттүү пайдаланууга ижарага берүү жөнүндөгү Үч-Терек айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVIII–сессиясындагы кабыл алынган № 74 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтогул районуна караштуу мамлекеттик запастагы жер болуп эсептелинген 64125 га жайыт жерин балансташтыруу жөнүндөгү Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын 2017-жылдын 03-ноябрындагы № 01-6/245 сунуш катынын 2 пункту колдоого алынсын.
3. 2018-жылдын 01-январына карата жер балансына өзгөртүү киргизүү үчүн аталган жайыт жерлеринин өз категориялары боюнча өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу документацияларын бүтүрүп берүү жагы Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. 2008-2014-жылдарга жогорудагы аталган жайыттардын жайыт акыларын өндүрүү жана жайыт бирикмесинин эсебине түшүрүү жагы жайыт комитети Ж Сатыбаевке милдеттендирилсин.
5. 2018-жылдын 01-январына карата жер балансына аталган жайыт жерлерин өз категориялары боюнча документацияларын мам. каттоо башкармалыгы менен бирдикте тез арада бүткөрүү жагы жер адиси К.Абазовго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |