Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-декабры № 46
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыттарды башкаруу жана сарамжалдуу, натыйжалуу пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдаланучуларга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыттарды башкаруу жана сарамжалдуу, натыйжалуу пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдаланучуларга өткөрүп берүү максаттында Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин билдируусун угуп жана талкуулап айылдык кенешинин кезкексиз ХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы”Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамдын 4-беренесине ылайык жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдентендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каржаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса иштетилсе анын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин кароо жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – Жайыт Комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдетүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевке тапшырылсын.
8. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |