Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры №47
Айыл аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын ремонт иштеринин жана кышка карата даярдыгынын жүрүшү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу 5орто, 2 башталгыч мектеби,5 бала бакчанын ичинен 1 орто мектеп комур жана электр энергиясы менен,1 бала бакча от менен жылытуу,4 орто,2 башталгыч,4 бала бакча электр жылыткычы менен иштейт. Азыркы мезгилде Салаев орто мектебине 40тонна,Дилдейым-апа балдар бакчасына 20тонна бардыгы 60тонна көмүр түшүрүлгөн. Ар бир мектепте электр энергиясын бөлүштүрүп берүүчү трансформаторлор май менен камсыз боло элек.Трансформаторлорду май менен камсыз кылуу үчүн 140литр май керектелет.Электр жылыткычтары даяр. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кенештин кезектеги ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин жана бала бакчалардын ремонт иштеринде кышка карата даярдыктарында бир катар иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Мектептердин жана бала бакчалардын башчыларына,электрик Н.Назаралиевге,башкы эсепчи К.Көкөевге милдеттендирилсин.
-электр энергиянын бөлүнгөқн лимиттери боюнча маалыматтарды берүү;
-билим берүү обьектилеринде аба-ырайына ылайык жылуулук режимдерин
камсыздоо;
-2017-2018-жылдагы элекр энергиясынын үзгүлтүксүз иштешин жана туура пайдаланышын көзөмөлгө алуу жагы;
3. Мектептерде элетр энергиясын күнүмдүк пайдалануу лимииттерин графиктин негизинде аткарылышын камсыз кылуу жагы мектептердин директорлоруна милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |