Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-декабры № 49
Саргата айылындагы сай участкасынан Абдрахманов көчөсүнө өтүүчүжаңы курулган асма көпүрөгө Султакеев Байыштын атын берүү жөнүндө
Саргата айылында жайгашкан «Асма»көпүрөгө маркум согуштун ардагери Султакеев Байыштын атын коюу жөнүндө айылдын жашоочуларынын протоколунун негизинде агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин кезексиз ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саргата айылындагы Сай участкасынан Ш.Абдыракманов көчөсүнө өтүүчү жаңы курулган «Асма» көпүрөгө маркум Султакеев Байыштын ысымы берилсин.
2. Көпүрөнүн эки жагын карап ремонт иштерин жүргүзүп туруу жагы баласы Султакеев Рахманжанга милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |